ЖАН ДҮЙНӨ, ТАГДЫР

Тагдыр. Мындай болорун билгенде 15 жаш улуу адамга турмушка чыкпайт элем

Бүгүн кайра микроинсульт алды… Кайра кыялын көргөзүп, кайра жаш баладай болуп мени кыйнайт. Өкүнгөнүм ушул нерселер болорун билгенде эч качан өзүмдөн 15 жаш улуу адамга турмушка чыкпайт элем. Бүгүнкү менин айткандарым балким башкаларга сабак болор.

Туура кетип кал эмне ал жерде жүрөсүң деп айтышыңар мүмкүн. Жашым 50гө келди, абышкам 65 те. Азыр төркүнгө барган менен кимге батмак элем. Ата-энем эчак абат болгон. Ага-инилерим өздөрүнүн үй-бүлөлөрүн араң эптеп жүрүшөт.

Абышкам кеч үйлөндү. Башында мага жасаган мамилеси жакты. Оюмдагыны айттырбай табат. Турмушту түшүнгөн киши экен деп тийип алгам. Бирок дагы деле көңүлүмө карап турат. Болгону жаш өткөн сайын көп ооруй турган болду. Мүнөзү жаш баладай болуп, кабагы көп ачылбайт. Бир аз ойлонуп капаланса кан басымы көтөрүлөт.

Жайында бир орус кемпирдин үйүн оңдоп. Ага жардам берип жакшы эле кыймылдап акча таап жаткан. Кышында жумуш жок үйдө болду. Жок дегенде батирдин акчасы чыксын деп мен бакчада иштеп жүрдүм. Ооба биз батирде турабыз. Алгач үйлөнгөндө кайын энемдер менен чогуу жашачубуз. Анан инилери үйлөнгөн соң биз батирге чыктык. Бир уулдуу болгонбуз бирок ал 2 жашка чыкканда чарчап калды. Ошол мезгилде экөөбүз эки башка жолго түштүк. Мен шаарга иштеп кеттим. Азыр ойлосом кудай мага ошондо шанс берсе керек, кет болду деп. Арадан жыл айланбай кайра элдешкенбиз. Мен сенсиз жашай албайм деп туруп алганынан.

Жаш өткөн соң балдар менен деле иштеше албай калат экенсиң. Же мен бала көп бакпагангабы аябай эле кыйналдым. Бакчадан жумуштан чыктым деп айтып келген элем. Түнү менен ойлонуп кантип жашайбыз, бизди баккан балабыз жок деп нервтенип таңга маал микроинсульт алды. Бир жумадай ооруканада жатып чыктык. Жашы өтүп калганга ооруканада да карап жатканга туура келди. Акчадан да кыйналып калдык. Агамдын балдары бир аз жардам берип турушат. Биз баш кошкон жылдар  90 – жылдарга туш келип деги эле бутка тура албай койдук. Убакыт деген бат өтөт экен. Экөөбүздө тең дипломубуз жок. Ар кандай жумуштарда иштедик. Азыр пенсияга чыгарайын деп чуркап жатам. Ошондуктан кыздарыңарды 3-4 жаш улуу күйөлөргө бергиле.   

Тектеш кабарлар

Back to top button