Дүйнө

БУУ: Жакынкы Чыгыштагы жаңжал көзөмөлдөн чыгып кетти

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал көзөмөлдөн чыгып кеткенин Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш брифинг учурунда билдирди.

«Үч жумадан ашык убакыт өткөн соң, согуш көзөмөлдөн чыгып кетти. Жаңжал ал тургай лидерлер элестете албаган чекке жетти. Дүйнө кеңири масштабдагы согуштун, адамзат азабынын күчөшүнүн жана глобалдык экономикалык терең кризистин босогосунда турат», – деди БУУнун башкы катчысы.

Антониу Гутерриш жаңжалга катышкан өлкөлөрдү эл аралык укукту толук сактоого кайтууга чакырды.

Ал США менен Израильди согушту токтотууга, ал эми Иранды жаңжалга катышпаган коңшу өлкөлөргө кол салууларды токтотууга чакырды.

БУУнун башкы катчысы ошондой эле маанилүү деңиз жолдорунда, анын ичинде Ормуз кысыгы сыяктуу аймактарда кеме жүрүүнүн эркиндигин жана коопсуздугун сактоо зарыл экенин белгиледи.

«Бул кысык узак убакытка жабылып калса, дүйнөлүк эгин себүү мезгилинде нефть, газ жана жер семирткичтерди ташууга тоскоолдук жаратат», – деди ал.

Буга чейин США Иранга 15 пункттан турган тынчтык планын сунуштаган. Өз кезегинде Тегеран Перс булуңунун айланасындагы бардык америкалык аскер базаларын чыгарып кетүүнү талап кылган.

Тектеш кабарлар

Back to top button