Кээ бир популярдуу диагностикалык текшерүүлөр ден соолукка зыян келтирет

Кээ бир популярдуу диагностикалык текшерүүлөр пайда алып келбестен, тескерисинче ден соолукка зыян келтириши мүмкүн. Бул тууралуу Сиднейдеги медициналык сабаттуулук лабораториясынын улук илимий кызматкери Брук Никель The Guardian басылмасына билдирген.
Адис пайдасыз деп эсептеген үч анализди атады: бүт дененин толук МРТсы, тестостерондун деңгээлин аныктоочу тест жана антимюллер гормонуна анализ. Анын айтымында, бул текшерүүлөр социалдык тармактарда кеңири жарнамаланат, бирок адатта сунушталбайт, анткени ашыкча диагноз коюуга жана керексиз дарылоого алып келет.
Никель белгилегендей, мисалы, бүт дененин МРТсы кооптуу эмес кокустук өзгөрүүлөрдү аныктап, адамда тынчсызданууну жаратышы мүмкүн. Ал эми антимюллер гормонуна анализ дени сак аялдардын төрөт жөндөмдүүлүгүн так аныктай албайт, бирок көп учурда катуу тынчсызданууга себеп болот. Тестостерон боюнча анализдер болсо, адистин айтымында, кошумча терс таасирлери жогору болгон гормоналдык дарыларды кабыл алууга түртүшү мүмкүн.
Адис мындай кызматтардын негизги көйгөйү — агрессивдүү маркетинг экенин белгилейт. Адамдарга бул текшерүүлөрсүз алар ден соолугу тууралуу маанилүү маалыматты жоготуп жатышкандай түшүндүрүлөт. Бирок Никель мунун туура эмес экенин эскертип, чыныгы профилактика биринчи кезекте туура тамактанууну, дене тарбияны, сапаттуу уйкуну жана белгилер пайда болгондо дарыгерге кайрылууну камтый турганын айтат.



