Кара-Балта — Чалдовар автоунаа жолун реконструкциялоону ишке ашыруу маселеси талкууланды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде Кара-Балта — Чалдовар автоунаа жолун реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу маселеси талкууланды. Жолугушууга министрдин орун басары Бактылуу Момбеков жана Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын регионалдык директору Айтен Рустамова катышты.
Министрликтин маалыматына ылайык, долбоор эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, өлкөнүн транзиттик потенциалын жогорулатуу, жол инфраструктурасынын коопсуздугун жана сапатын жакшыртуу үчүн маанилүү.
Тараптар долбоорду даярдоонун учурдагы абалы, мамлекеттик органдар менен эл аралык өнөктөштөрдүн ортосундагы координация маселелери жана анын кийинки ишке ашыруу кадамдарын караштырышты.
Жолугушууга Кыргыз Республикасындагы Европа Союзунун делегациясынын башчысы Реми Дюфло жана Франциянын элчиси Николя Файе катышты. Катышуучулар туруктуу жана коопсуз транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү багытындагы кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Жыйынтыгында тараптар долбоорду ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштерди улантууга даяр экенин билдиришти.



