Алясканын жээгиндеги муз күтүлгөндөн да эрте эрип кетүүдө

Алясканын Фэрбенкс университетинин Геофизикалык изилдөөлөр журналында жарыяланган изилдөөсүнө ылайык, Алясканын түндүк жээгиндеги муз мезгили акыркы 27 жылда бир топ кыскарган.
Чукча деңизинде ал 57 күнгө, ал эми Бофорт деңизинде 39 күнгө азайган. Муз күзүндө мурдагыга караганда кеч пайда болуп, айрым аймактарда жазында эрте эрип кетүүдө.
Припай муз — жээкке бекитилип, шамал менен агымдардын таасиринде жылбаган муз — Алясканын жергиликтүү элдери үчүн өзгөчө мааниге ээ. Ал аңчылык жана балык уулоо жайларына жетүүчү жол болуп кызмат кылат, мунай-газ тармагындагы кышкы жолдорду камсыздайт жана жээкти толкундардын эрозиясынан коргойт. Муз мезгилинин кыскарышы жээкти көбүрөөк коркунучка дуушар кылып, аңчылык шарттарын туруксуз кылууда.
Айрыкча Бофорт деңизи тынчсызданууну жаратат, анткени ал 2000-жылдардын башына чейин салыштырмалуу туруктуу болуп келген. Азыр болсо муз мурдагыдай жээктен алыска жайылбай калды. Окумуштуулар муну Арктикадагы деңиз музунун жалпы жукарышы менен байланыштырышат: жука муз азыраак муз кырка (гряда) түзөт, ал эми бул кыркадар припай муздун деңиз түбүнө бекем кармалышына жардам берет.



