Окуялар
Ноокендеги бала бакчада бойлер жарылып, дубалдар урап түштү

Кырсык бүгүн эртең менен Кызыл-Туу айылындагы №25 бала бакчада болгон. Маалыматты ӨКМ тастыктап, жабыркагандар жок экенин кабарлады.
Видеонун авторунун айтымында, бойлер 7 жылдан бери иштеп, бир эле жолу оңдолгон. Техника эмне себептен жарылганы тактала элек.




