Коом

Эмне үчүн «балага сүйүнчү» төлөнбөй жатат? Соцкамсыздоо министрлигинин жообу

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бала төрөлгөндө «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмү эмне үчүн төлөнбөй жатышынын себебин түшүндүрдү.

«Борборлоштурулган төлөм базасынын жаңылануусуна байланыштуу төлөм убактылуу токтотулган, которуу келерки жылдын башында системаны кайра жүктөө аяктагандан кийин башталат», — деп айтылат маалыматта.

Ведомстводон ошол эле учурда билдирмелер толугу менен кабыл алынып жатканын кошумчалашты.

Эске салсак, интернет желесинде «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмү төлөнбөй жаткандыгы айтылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button