Бишкекте балага кол салган иттер атып өлтүрүлдү. Окуянын чоо жайы жана баланын абалы айтылды

Бишкекте иттердин чабуулуна кабылган балага байланыштуу жагдайлар такталууда. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 1-апрелде саат 17:37 чамасында «Калыс-Ордо-2» конушунан беш жаштагы баланын иттер тарабынан чабуулга кабылганы тууралуу билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барган. Сурак учурунда жергиликтүү тургундардан алынган маалымат боюнча, жабыркаган бала — У. А., 2019-жылы туулган. Милиция кызматкерлери күбөлөрдөн жана жергиликтүү тургундардан маалымат чогултушкан. Ошондой эле үйдүн ээси аныкталып, иттер атып салынганы маалымдалды.
Белгиленгендей, кечээ, 1-апрелде шаар тургундары милициянын патрулдук кызматынын туристтик рота командири Тимурлан Кулназаровго, Совет жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде кызмат өтөп жаткан учурда, баланы тез арада медициналык мекемеге жеткирүүгө жардам берүүсүн суранган. Кызматкер баланы жана аны коштоп келген адамдарды кызматтык автоунаага салып, дарыгерлерге жеткирген.
Милициянын маалыматы боюнча, бала медициналык мекемеге жеткирилген жана абалы туруктуу.
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, 6 жаштагы бала 1-апрелде саат 15:40 чамасында Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына келип түшкөн.
“Бейтаптын баш мээси орточо деңгээлде жабыркаган, бир нече жери тиштелген. Дененин үстүңкү жана астыңкы бөлүктөрү да жаракат алган”, — дешти министрликтен.
Ошондой эле учурда балага бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөнү, абалы туруктуу, бирок орточо оор экени айтылды.
“Бейтап бардык керектүү медициналык жардамды алып жатат. Дарыгерлердин көзөмөлүндө турат”, — деп белгилешти Саламаттык сактоо министрлигинен.


