Коом

Жогорку Кеңештин депутаттарына планшеттер берилди

Бул тууралуу парламент депутаты Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, 3-апрелде түзмөктөр бюджет боюнча комитеттин жыйынында сыноодон өткөрүлдү.

Эми баяндамачылар жыйын учурунда эле адистерди жана башкармалыктардын жетекчилерин онлайн форматта кошо алышат. Бардык материалдар кагазга басылбастан, булутта сакталат.

Бекешевдин сөзүнө караганда, бул чыгымдарды кыйла азайтууга мүмкүндүк берет. Себеби айрым мыйзам долбоорлору 100 беттен ашып, мурда ар бир депутатка көбөйтүлүп таратылып келген.

Ал ошондой эле депутаттар документтерди кыскача мазмундап берүү үчүн жасалма интеллектти колдоно аларын, бирок мындай мүмкүнчүлүктү ашыкча колдонбоо маанилүү экенин кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Back to top button