Окуялар
Кытайда күчү 5 балл болгон жер титирөө болуп, ал Кыргызстанда да сезилди

Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө 5-апрелде саат 19:24тө катталган.
Жер титирөөнүн очогу Кытай Эл Республикасынын аймагында жайгашып, Иркештам айылынан түштүк-чыгыш тарапка 47 чакырым, Нура айылынан 49 чакырым, Икизяк айылынан 55 чакырым, ал эми Ош шаарынан 175 чакырым алыстыкта болгон.
Жер титирөөнүн күчү Иркештам, Нура, Икизяк айылдарында 3 баллга жеткен.


