Дүйнө

Афганистанда катуу жааган жамгырдан улам жарандар жапа чегүүдө

Афганистан боюнча катуу жааган жамгырдан улам болгон сел кырсыктарынан каза болгондордун саны кеминде 99 адамга жетти. Акыркы тогуз күндүн ичинде дагы 154 адам жаракат алганын Amu.tv агенттиги Ооганстандын Табигый кырсыктарга каршы күрөшүү боюнча улуттук башкармалыгынын өкүлү Юсуф Хаммадга шилтеме берүү менен билдирди.

Анын айтымында, 26-мартта башталган нөшөрлүү жаан-чачындар кеңири көлөмдөгү сел жана жер көчкүлөрүнө алып келип, көптөгөн адамдардын өмүрүн алган жана олуттуу материалдык зыян келтирген. Табигый кырсыктын кесепетинен өлкө боюнча 5000 үй толугу менен же жарым-жартылай талкаланып, 355 чакырым жол жууп кеткен жана 14405 акрдан ашык айыл чарба жерлери суу алдында калган. Жалпысынан 8532 үй-бүлө жабыркаган.

Юсуф Хаммад кошумчалагандай, эң катуу жабыркаган аймактарга куткаруу жана гуманитардык топтор жөнөтүлүп, алар чукул жардамдарды таратып жатышат. Учурда келтирилген зыянды баалоо иштери уланууда.

Афганистандын метеорологиялык кызматы жакынкы күндөрү дагы катуу жаан жаашы мүмкүн экенин болжолдоп, өлкөнүн бардык 34 провинциясындагы алыскы жана кооптуу аймактарда сел жүрүү коркунучу тууралуу жаңы эскертүүлөрдү жарыялады.

Тектеш кабарлар

Back to top button