Коом

УКМК: Баңги заттарды жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан уюшкан кылмыштуу топ кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргыстан Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте аймакта баңги заттарды жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

Тергөө жана ыкчам иш-чаралардын натыйжасында тыюу салынган заттардын туруктуу бөлүштүрүү каналы жабылып, мыйзамсыз иш-аракеттерде координациялоочу ролду ойногон кылмыштуу схеманын уюштуруучулары «А.С.К.» жана «К.Т.Н.» кармалды.

Тинтүү иштеринин жүрүшүндө үй шартында жасалган ыкмаларды колдонуу менен баңги заттарды системалуу түрдө өндүрүү үчүн иштелип чыккан баңги лабораториясы табылып, андан кийин психотроптук заттарды өндүрүү жана аларды республикада сатуу үчүн колдонулган 10 килограммдан ашык заттардын жана химиялык компоненттердин аралашмасы алынды. Учурда кылмыштуу ишке катышкан бардык адамдарды аныктоого багытталган кошумча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button