Саясат

Улан Сариев Жогорку Кеӊештин депутаты болду

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-апрелдеги жыйынында Сариев Улан Алмасбековичти № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алды. Бул тууралуу БШК кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Сариев № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты болуп катталып, ага белгиленген үлгүдөгү ырастама жана төш белги берилди.

Эскерте кетсек, Абдылдабек Эгембердиевдин мандатын тапшыруу тууралуу билдирүүсүнөн кийин шайлоонун жыйынтыгы боюнча Рамис Жунусалиев Жогорку Кеңеште мандат алат деп күтүлүүдө. Бирок ал алдамчылык боюнча айыпталып, УКМКнын СИЗОсунда отурат. Жунусалиев өз ыктыяры менен мандатын тапшырып, Борбордук шайлоо комиссиясы аны No19 шайлоо округуна талапкер катары каттоодон чыгарды.

Тектеш кабарлар

Back to top button