Коом
УКМК жасалма документтер менен чет элдик жаранды кармады

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, УКМК Кыргыз Республикасынын жасалма документтерин, паспортун жана айдоочулук күбөлүгүн пайдаланган чет мамлекеттин жаранын кармады.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүгүндө («Билип туруп жасалма расмий документти пайдалануу») каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, аталган жаран тарабынан жасалган башка мүмкүн болгон кылмыштарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Кармалган жаран КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.



