Маданият

Роза Аманова Венгриянын «Эмгеги үчүн» орденинин рыцардык крести менен сыйланды

Роза Аманова Венгриянын «Эмгеги үчүн» орденинин рыцардык крести менен сыйланды. Бул тууралуу Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Сыйлык тапшыруу аземи Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана имаратында өттү.

Маалыматка ылайык, Венгрия президентинин 2026-жылдын 15-мартындагы чечимине ылайык, Роза Аманова — КР УИАнын Салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борборунун директору, Кыргыз Республикасынын эл артисти, композитор жана музыкатануучу — аталган сыйлыкка татыктуу болгон.

Сыйлык ага Венгрия менен Кыргызстандын ортосундагы маданий байланыштарды өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыйгарылган.

Тектеш кабарлар

Back to top button