Пайдалуу кеңештер

Дарыгер кандагы кантты туруктуу кармап туруучу мөмөлөрдү атады

Диетолог, медицина илимдеринин доктору Мэгги Белл кандагы канттын деңгээлин туруктуу кармоо үчүн рационго кошуу керек болгон эки жеткиликтүү мөмөнү атады.

Дарыгер кандагы глюкозанын деңгээлин туруктуу кармоого алма менен апельсинди үзгүлтүксүз колдонуу жардам берерин айтты. Анын түшүндүрүшүнчө, бул мөмөлөрдө көп болгон клетчатка канттын канга сиңишин жайлатат.
Клетчаткадан тышкары, бул жемиштер ар кандай минералдарга, витаминдерге жана биологиялык активдүү өсүмдүк кошулмаларына бай болуп, жалпы канттын деңгээлине оң таасирин тийгизет, деп кошумчалады.

Ошол эле учурда дарыгер алма менен апельсиндин экөө тең бирдей пайдалуу экенин баса белгиледи. «Кайсынысын тандаганыңыздан көрө, аны кандай жегениңиз маанилүүрөөк. Толук мөмөлөрдү йогурт же арахис майы сыяктуу белоктор жана пайдалуу майлар менен айкалыштырып, тең салмактуу тамак же закуска катары колдонуу кандагы канттын деңгээлин жакшыраак туруктуу кармап, анын кескин көтөрүлүп кетишинин алдын алат», — деди ал.

Тектеш кабарлар

Back to top button