Окуялар

Ошто баңгизаттарды таратуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

2026-жылдын 8-апрелинде Ош шаарында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында баңгизаттарды сатуу менен алектенген 1976-жылы туулган А.И.Т. аттуу жарандын жанынан “гашиш” баңгизаты табылып алынган.

Андан ары жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө А.И.Т.нын кылмыштуу шериги — 1976-жылы туулган Ш.Н.А. аттуу жаран кармалган.

Аталган жарандын жашаган дарегине тинтүү жүргүзүлүп, буюмдарды сактоочу кампанын ичинен “гашиш” баңгизаты табылган. Мындан тышкары, “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү ок атуучу куралга тиешелүү 7 даана ок-дарылар жана «АКМ» үлгүсүндөгү автоматтын 3 даана ок-дарылары табылып алынган. Ошондой эле уктоочу бөлмөсүнөн 49 500 АКШ доллары жана 10 000 сом акча каражаттары табылып, тиешелүү протокол менен алынган.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Учурда бул кылмышты жасоого тиешеси бар башка жарандарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button