Дүйнө
Япония куш тумоосунан улам тоокторду жапырт жок кылууда

Япониянын түндүгүндөгү Аомори префектурасында 230 миң тоок союлду. Буга аймакта катталган куш тумоосунун жайылышы себеп болгонун «Киодо» агенттигине билдирди.
Аталган префектурадагы 32 канаттуулар фабрикасынын айланасында радиусу 10 чакырым болгон чектөө зоналары киргизилди. Бийлик оорунун мындан ары жайылып кетишинен кооптонууда, анткени бул олуттуу экономикалык кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
2023-жылы куш тумоосунан улам тоокторду массалык түрдө союу Японияда 1991-жылдан берки эң чоң баа өсүшүнө алып келген. Жумуртканын баасы жылдык эсепте 76%га кымбаттаган.
Токиодогу айрым супермаркеттерде жумуртка сатып алууга чектөөлөр киргизилген. Бир нече айдын ичинде өлкөдө 1,5 миллиондон ашык тоок союлган.



