61,7 миңден ашуун бала 1-класска катталды

Бул маалымат 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда жарыяланган.
Анын ичинде Бишкек шаарында болжол менен 9,4 миң бала мектепке кабыл алынган. Алардын 3,9 миңи кыргыз тилинде окуткан класстарга, ал эми 5,5 миңге жакыны орус тилдүү класстарга жайгаштырылган. Борбор калаада азырынча 17 миңден ашуун орун бош бойдон калууда.
2026/27-окуу жылына жалпы квоталардын саны 192,3 миңди түзөт.
Белгилей кетсек, республиканын түштүк аймактарында өзбек жана тажик тилдеринде окуткан класстарга да кабыл алуу жүрүп жатат.
1-класска электрондук каттоо 1-апрелде башталган. Азыр 2019 жана 2020-жылы төрөлгөн балдар катталып жатат.
Биринчи этапта ата-энесинин (же мыйзамдуу өкүлүнүн) бири мектеп жайгашкан аймакта туруктуу каттоодо турган балдар кабыл алынат. Каттоонун экинчи этабы — пропискасыз — 1-июнда башталат.



