Чаткалда ГЭС жана күн электр станцияларынын каскадын куруу башталды

Бүгүн Чаткал районундагы ГЭСтер каскадын куруу иштерине старт берилди.
Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ГЭСтер каскадын куруу долбоору мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылып, ага 259,8 млн доллар өлчөмүндө инвестиция тартылат. Мындан тышкары, миң гектардан ашык жер аянттары сугат суу менен камсыз болот.
Каныш-Кыя айылындагы капсула салуу аземине ыйгарым укуктуу өкүл Тилек Текебаев, долбоордун илимий жетекчиси Акылбек Жапаров, кытайлык SINOMACH корпорациясынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты
Каныш-Кыя айыл аймагынын «Кара-Корум» участкасында кубаттуулугу 5 МВт болгон муниципалдык чакан ГЭС, экинчиси Жаңы-Базар айылында кубаттуулугу 1 МВт болгон муниципалдык күн электр станциясы.
Чакан ГЭС жылына орточо 20 млн кВт/саатка жакын электр энергиясын өндүрүүгө жөндөмдүү болсо, күн электр станциясы жылына 1,6 млн кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгарат. Бул көрсөткүчтөр аймактагы электр энергиясына болгон тартыштыкты азайтып, импортко болгон көз карандылыкты төмөндөтүүгө өбөлгө түзөт.
Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жалпысынан 8 млн долларга жакын инвестиция тартылат. Каржылоо булактары катары мамлекеттик колдоо, муниципалдык ресурстар жана жеке инвесторлордун каражаттары каралган. Курулуш иштери аяктагандан кийин 100дөн ашык жаңы жумуш орундары түзүлөт.



