Окуялар

Маркум Дөө Чыңгызга таандык курал-жарак жана ок-дарылар жашырылган жай табылды

УКМКка тарабынан Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ичке-Суу айылынан курал-жарак жана ок-дарылар жашырылган жай табылды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдирди.

Аталган куралдар криминалдык авторитет Ч. Жумагуловго (2022-жылы СИЗО-1де кармоодо турган учурда өлтүрүлгөн, «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен белгилүү болгон) тиешелүү экени аныкталды.

Бул жашыруун жай аталган айылдагы көрүстөндүн аймагында жайгашып, андан төмөнкүдөй буюмдар табылды:
— кесилген аңчылык мылтыгы – 1 даана;
— револьвер тибиндеги тапанчалар – 2 даана;
— атайын каражат – «Черёмуха-1» кол газ гранатасы – 2 даана;
— бикфорд шнуру – 1 даана;
— ПМ жана ТТ тапанчалары үчүн ок кутучалары – 2 даана;
— ок атуучу жана аңчылык куралдарга тиешелүү ок-дарылар.

Алдын ала маалыматтарга караганда, алынган курал-жарак жана ок-дарылар мурда Ч. Жумагуловдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү тарабынан ар кандай оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасоодо колдонулуп, кийинчерээк келечекте кылмыш максаттарында пайдалануу үчүн жашырылып коюлган.

Учурда алынган куралдардын келип чыгышы жана бул жашыруун жайды уюштурган адамдар аныкталууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button