Дүйнө

АКШ грин картага арыздарды текшерүүнү күчөттү

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы айрым категориядагы мигранттарды текшерүү боюнча жаңы чараларды киргизди.

CBS News жана Reuters билдиргендей, күчөтүлгөн текшерүүгө иммиграциялык жеңилдиктерге кайрылган адамдар — башпаанек (убежище), грин-карта жана АКШ жарандыгын алууга арыз бергендер кирет.

АКШнын Жарандык жана иммиграция кызматында (USCIS) иштеген кызматкерлерге кеңейтилген текшерүүдөн өтпөгөн арыздарды жактырбоо тапшырмасы берилди.

Коопсуздук текшерүүлөрүнүн күчөтүлүшү ФБР USCISке арыз ээлеринин соттуулугу тууралуу маалымат базасына кеңири мүмкүнчүлүк берүү чечимине байланыштуу болду. Бул чара Дональд Трамп кол койгон президенттик жарлыктын алкагында ишке ашырылган.

CBS News’ке берген билдирүүсүндө USCIS өкүлү агенттик «арыз ээлерин текшерүүнү күчөтүү үчүн коопсуздук боюнча жаңы текшерүүлөрдү киргизгенин жана федералдык маалымат базаларына кеңири жеткиликтүүлүктү колдонуп жатканын» ырастады.

Тектеш кабарлар

Back to top button