Спорт

Айсулуу Тыныбекова коло медаль утту

Кыргыз спортунун легендасы Айсулуу Тыныбекова коло үчүн беттеште монголиялык атлет Оркхон Пуревдоржду 6:6 эсеби менен утуп, олжолуу болду.

Балбан кыз жеңишти акыркы секундаларда атаандашынан сууруп алды. 0:6 эсеби менен утулуп жаткан Тыныбекова алгач эки, андан соң төрт упайлык ыкма жасап жеңишке жетти.

Бул — кыргызстандык спортчунун экинчи олимпиадалык медалы. Буга чейинки Токио Олимпиадасында күмүш медаль алып, кыргызстандыктарды кубанычка бөлөгөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button