Макрон Ормуз кысыгындагы блокаданы тез арада алып салууга чакырды

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Ормуз кысыгындагы блокаданы алып салууга чакырды. Бул тууралуу француз лидери X социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
«Бардык тараптар кысыктын блокадасын дароо жана эч шартсыз токтотушу керек. Жаңжалга чейинкидей толук кандуу эркин кеме жүрүү режимин туруктуу калыбына келтирүү абдан маанилүү», — деп жазган Макрон.
Анын айтымында, Франция менен Улуу Британия түзгөн көп улуттуу миссия кеме ээлери жана камсыздандыруу компаниялары арасында ишенимди калыбына келтирүүгө жардам бере алат.
Франция лидери кысыктагы туруктуулуктун калыбына келиши өзөктүк маселелер, баллистикалык ракеталар жана аймактагы кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдү алдыга жылдырууга көмөктөшөрүн белгиледи.
Франциянын куралдуу күчтөрү шаршемби күнү билдиргендей, мүмкүн болуучу франко-британ миссиясына даярдык алкагында француз авианосецтик сокку берүүчү тобу Кызыл деңиз тарапка, Суэц каналынын түштүгүнө жөнөтүлүүдө.
«Бул биздин Ормуз кысыгынын коопсуздугун камсыз кылууга даяр гана эмес, жөндөмдүү экенибизди да көрсөтүшү керек», — деп билдирген Елисей сарайы.
Charles de Gaulle авианосецинин бортунда болжол менен 20 даана Dassault Rafale истребители бар жана аны бир нече фрегат коштоп жүрөт.



