Өзбекстан 2028-жылы биринчи космонавтын космоско жөнөтөт

Узбеккосмос агенттиги Өзбекстандын биринчи космонавтын космоско учуруу 2028-жылдын октябрь айына чейин пландалып жатканын билдирди. Бул тууралуу агенттиктин директорунун орун басары Мухиддин Ибрагимов маалымдады.
Анын айтымында, учуунун узактыгы 14 күндү түзөт.
Ибрагимов бүгүнкү күндө адамды космоско учуруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон үч гана мамлекет бар экенин белгиледи. Алар — АКШ, Россия жана Кытай. АКШ менен Россия бир эл аралык космостук станцияны колдонсо, Кытайдын өзүнүн өзүнчө орбиталык станциясы бар.
«Учурда бардык тараптар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Алардын ар бири кызматташууга даяр экенин билдирди. Биздин космонавт космоско учканда, Жерге куру кол кайтпастан, жок дегенде белгилүү бир эксперименттин жыйынтыгын алып келет», — деди ал.
Биринчи өзбек космонавтын даярдоо үчүн талапкерлерди тандоо жана окутуу иштерин жүргүзө турган өкмөттүк комиссия түзүлөрү айтылды.



