Кыргызстанда Тажикстандын маданият күндөрү өтөт

17-22-май күндөрү Кыргызстанда Тажикстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чараларга Тажикстандын расмий жана чыгармачыл делегациясы катышат. Делегациянын курамы 94 адамдан турат.
Эки элдин маданий байланыштарын бекемдөө жана достук мамилелерди тереңдетүүгө багытталган маданият күндөрүнүн алкагында концерттик программалар, көркөм сүрөт көргөзмөлөрү, илимий-адабий жолугушуулар жана көркөм тасмалардын көрсөтүүлөрү уюштурулат.
Иш-чаралар Бишкек жана Чолпон-Ата шаарларында өтөт.
Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада «Турсунзаде жана Айтматов: тынчтыктын жана достуктун жарчылары» аттуу илимий-адабий жолугушуу өтөт. Ал эми Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде көргөзмө ачылып, «Ала-Тоо» кинотеатрында «Өмүр керемети», «Рустам тууралуу баян» жана «Чындык издеп» тасмалары көрсөтүлөт.
Маданият күндөрүнүн расмий ачылышы 19-майда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтөт. Жабылыш аземи 21-майда «Рух Ордо» маданий борборунда уюштурулат.
Министрлик бул маданий иш-чаралар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы маданий диалогду кеңейтүүгө, чыгармачылык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана эки элдин достугун бекемдөөгө өбөлгө болорун белгиледи.



