Коом

Ошто ири көмүр кени иштетиле баштайт

Ош облусунун Ноокат районундагы Беш-Буркан көмүр кенин иштетүү иштери башталат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Бул жерден жыл сайын 900 миң тоннага чейин көмүр казып алуу пландалууда.

Министр Таалайбек Ибраев көмүр тармагын өнүктүрүү өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуудагы негизги багыттардын бири экенин белгиледи.

“Ички энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу — мамлекеттин стратегиялык артыкчылыктарынын бири. «Беш-Бурхан» сыяктуу ири долбоорлор өлкөнүн энергетикалык туруктуулугун бекемдеп, аймактарды өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө чоң салым кошот”, — деди министр.

Өткөн жылы даярдык иштеринин алкагында 5 миң тоннага жакын көмүр казылып алынган. Кендин жалпы запасы 42 миллион тоннадан ашат.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, инвестор долбоорго буга чейин эле 25 миллион доллар инвестиция салган.

Кендин ишке кириши Кыргызстандын түштүк аймагын көмүр менен туруктуу камсыздап, импортко болгон көз карандылыкты азайтат деп күтүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button