Маданият
«Эрезе» тасмасы эл аралык Шанхай кинофестивалында көрсөтүлөт

Кыргыз режиссёру Наргиза Дотиева тарткан толук метраждуу дебюттук «Эрезе» тасмасы Шанхай эл аралык кинофестивалынын «Азиянын жаңы таланттары» сынак программасына тандалды.
Тасманын дүйнөлүк бет ачары Азиядагы эң ири кинофестивалдардын бири болгон бул иш-чаранын алкагында 12–21-июнь күндөрү Шанхай шаарында өтөт.
Фильмдин продюсери Гүлнара Касмамбетова болду. Тасманын абройлуу эл аралык фестивалдын сынак программасына кириши кыргыз кино өнөрү үчүн маанилүү окуя болуп, дүйнөлүк деңгээлде кыргыз кинематографиясына болгон кызыгуу өсүп жатканын көрсөтөт.
Белгилей кетсек, «Азиянын жаңы таланттары» программасы жыл сайын көрүүчүлөрдү жана кино тармагынын адистерин Азиядагы жаш режиссёрлордун эң келечектүү эмгектери менен тааныштырат.



