Коом

Садыр Жапаров үчүн Казакстанда автордук парфюм чыкты

Казакстандык парфюмер Гүлжан Түзел социалдык тармактарда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров үчүн автордук парфюм жаратканын жана бул жытты ага жеке өзү тапшырууну үмүт кылып жатканын билдирди.

Анын айтымында, композиция Кыргызстан табиятынан илхам алган. Парфюмдун негизин Ысык-Көлдүн сергиткен жыты, ошондой эле кыргыз жергесинде өсүүчү өсүмдүктөрдүн жана гүлдөрдүн жыпар жыттары түзөт.

Гүлжан парфюмерия искусствосун Францияда үйрөнгөнүн, ал эми апасы Кыргызстандык экенин белгиледи.Ал социалдык тармактардагы колдонуучуларга кайрылып: «Мени колдоп коюңуздар, кыргыз бир туугандар! Мен Threads, социалдык тармактар жана кол алышуунун күчүнө ишенем», — деп жазып, өз ишине көңүл бурууга жардам берүүнү суранган.

Парфюмердин айтымында, ал социалдык тармактардагы колдоонун жардамы менен жараткан жытын президент Садыр Жапаровго жеке өзү тапшырууну үмүт кылат. Азырынча бул парфюм мамлекет башчысына тапшырылганы тууралуу маалымат жок.

Тектеш кабарлар

Back to top button