Коом

Бишкекте эки автобекетти байланыштырган түнкү автобус каттамы ачылды

Бишкекте Батыш жана Чыгыш автобекеттерин байланыштырган №13 түнкү автобус иштей баштады. Бул тууралуу «Бишкек шаардык транспорту» мамлекеттик ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, маршрут «Аламүдүн» базары аркылуу өтүп, жүргүнчүлөргө түнкүсүн да автобекеттердин ортосунда жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жол кире саат 23:00дөн таңкы 5ке чейин 70 сом.

Эки бекетти байланыштырган түнкү каттам жай мезгилинде Ысык-Көлгө каттагандарга ыңгайлуу болуш үчүн уюштурулганы белгиленди.

Тектеш кабарлар

Back to top button