Коом

Министр Жээнбек Кулубаев бир катар элчилердин ишин сынга алды

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бир катар элчилердин ишин сындады. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда кечээ министрликтин жарым жылдын ишинин жыйынтыгын талдаган чогулуш болгон. Анда Жээнбек Кулубаев элчилер санкцияларды алдыруу жана экономикалык дипломатия багытында начар иштеп жатышканын айткан.

Министр жетишкендик катары Кыргызстандын 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышын атады.

Жыйында жылдын экинчи жарымындагы негизги милдеттер катары БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги ишке даярдык көрүү, ШКУнун саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү белгиленген.

Тектеш кабарлар

Back to top button