Окуялар

Ысык-Көлдө 15 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп каза болду

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 15 жаштагы өспүрүм көлгө чөгүп каза болду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык тууралуу кабар 12-июлда Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, каза болгон өспүрүмдүн 15 жашта экени аныкталган.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ысык-Көл ОИИБ жарандарды, өзгөчө ата-энелерди, балдарды көл жээгинде кароосуз калтырбоого жана эс алуу учурунда коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button