Коом

Жунушалиев Көк-Жар конушунун тургундары менен жолугушту

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев административдик-аймактык реформанын алкагында борбордун курамына кирген Көк-Жар конушунун тургундары менен жолугушту.

Мэриядан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тургундар калктуу конушту ичүүчү суу менен камсыздоо, социалдык инфраструктура объектилерин куруу, жолдорду оңдоо жана канализация маселелерин көтөрүштү.

Негизги маселелердин бири ичүүчү суу менен камсыздоо болду. Бул көйгөйдү чечүү максатында «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы тарабынан жаңы скважина куруу пландалууда. Бул өз кезегинде тургундарды туруктуу ичүүчү суу менен камсыздоого мүмкүндүк берет.

Ошондой эле тургундар канализация тутумун куруу, электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу, ФАП жана бала бакча куруу, ошондой эле жолдорду жана тротуарларды оңдоо боюнча өтүнүчтөр менен кайрылышты.

«Жолугушуунун жыйынтыгында калаа башчысы тиешелүү кызматтарга тургундардын бардык кайрылууларын иштеп чыгып, аларды этап-этабы менен чечүүнү камсыз кылууну тапшырды»,-деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Back to top button