Кант мэриясына 51 миң сом айып салынды

Кант шаардык мэриясына караштуу таштанды полигонунда өрт чыккандыгына байланыштуу жергиликтүү бийликке айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматына караганда, буга чейин социалдык тармактарда таштанды полигонундагы өрт тууралуу маалыматтар тарап, коомчулукта нааразычылык жараткан. Бул билдирүүдөн соң министрликтин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору жерине барып, текшерүү жүргүзүшкөн.
Өрттү өчүрүү иш-чаралары Кант шаардык мэриясы тарабынан ыкчам уюштурулуп, өчүрүлгөнүнө карабастан, экологиялык эреже бузуу фактысы катталган. Натыйжада Кант шаардык мэриясына Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлүп, 51 миң сом өлчөмүндө айып пул чегерилди.



