Окуялар

Бишкекте милиция энеси таштап кеткен делген ымыркай тууралуу маалыматты текшерүүдө

Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы социалдык тармактарда тараган, жашы жете элек кыз чоочун адамдарга баласын таштап кеткен деген маалыматты текшерип жатат.

Буга чейин соцтармактарда 17 жаштагы кызды тигүү цехинде мыйзамсыз кармап, кийин жаңы төрөлгөн ымыркайын тартып алышкан деген видео жарыяланган.

Аталган видеого байланыштуу учурда баланы тарбиялап жаткан К.А. аттуу аял милицияга жеткирилди. Анын айтымында, баланын апасы ымыркайды өз ыктыяры менен калтырып кеткен жана ошондон бери бала анын кароосунда.

Социалдык тармактардагы айыптоолорду четке кагуу максатында аял видео кайрылуу жасап, тараган маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Анын айтымында, ал тигүү цехинин ээси эмес жана кызды эмгек кулчулугуна окшош шартта иштеткен эмес. Ошондой эле кыз анын үйүндө жашап, кийин баласын ага калтырып кеткенин айтты.

Свердлов РИИБ билдиргендей, бул окуя боюнча милицияга эч кандай расмий арыз түшкөн эмес. Ошондуктан укук коргоо органдары чара көрбөй жатат деген маалымат чындыкка туура келбейт.

Учурда милиция кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын ар тараптуу текшерүүнү улантууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button