Окуялар

Акчаны дааратканага каткан: ЖАМКтын тергөөчүсү пара талап кылууга шектелип кармалды

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөөчүсү пара талап кылууга шектелип кармалганын Башкы прокуратурадан билдиришти.


Маалыматка караганда Аскер прокуратурасына М.Ш. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ЖАМК кызматкери өзүнө байланыштуу ишти оңунан чечип бермек болуп, 100 миң сом талап кылганына даттанган.

Аталган факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Б.Б. аттуу кызматкер 60 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Ыкчам кадрлардан акча дааратканадан табылганын көрүүгө болот.

Шектүү Бишкек милициясынан убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тектеш кабарлар

Back to top button