Коркунучтуу жаман түштөр пайдалуу экени аныкталды

Окумуштуулар коркунучтуу жана жаман түштөрдүн нерв системасы үчүн чоң пайдасы бар экенин таап чыгышты. Адам жаман түш көрүп, коркунуч сезимин уйку учурунда башынан өткөрсө, өңүндө стрессти оңой жеңет дешет адистер.
Женева (Швейцария) университетинин адистери, Висконсин (АКШ) университетинин эксперттери менен биргелешип жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн натыйжасын, өткөн жылдын октябрь айында Human Brain Mapping порталына жарыялашкан. Баардыгы болуп эки эксперимент өткөрүшкөн.
Биринчисинде ага 18 киши катышып, окумуштуулар алар уктап атканда мээлеринин активдүүлүгүн электроэнцефалограмманын жардамы менен изилдешкен. Адистер атайлап бир нече жолу, тигилердин уйкусун бузушуп, кандай түштөрдү көрүп атышканын сурашкан.
Ушундай жол менен, адистер адам коркунучтуу жаман түштөрдү көрүп атканда анын мээсинин эки областы – аралча бөлүгү менен курчаган кыртышы активдешээрин аныкташкан. Ушулар эле, адам өңүндө стресстик абалга кабылганда иштей башташат — аралча бөлүгү эмоцияларды баалоого, а курчаган кыртышы адамдын жүрүм-турумун көзөмөлдөп, адекваттуу реакция жасаганына жол берет.
Дагы бир эксперименттин учурунда, адистер коркунучтуу жаман түштөр менен адамдын өңүндөгү стресстин ортосундагы байланышты тактоого жетишишкен. Окумуштуулар 89 респондентти бир жуманын аралыгында күндөлүк жазып, ага көргөн түштөрүн баяндап, андан соң түшүнөн кийинки эмоцияларын кошо түшүрүүнү өтүнүшкөн. Ойгонгондон кийин аларга МРТ (магнитно-резонансная томография) жасашып, анан бейтарап маанидеги жана негативдүү мүнөздөгү сүрөттөрдү көрсөтүшкөн. Жаман түштөрдү көп көргөн респонденттер негитивдүү сүрөттөргө кадыресе жайбаркат эле мамиле жасашкан.
Ушул эки эксперименттен соң окумуштуулар, коркунучтуу жаман түштөр адамдын нерв системасын машыктырып, анын стресске чыдамдуулугуна жан жеңил жеңе билүүсүнө жардам берет деген тыянакка келишкен.
Мындан бир аз мурда, ноябрь айында эле америкалык окумуштуулар, чала уйку ден соолукка зыян деген тыянакка келишкен. Чала уктоо адамдын кооптуу болушуна алып келип, стресске чыдамдуулугун төмөндөтөт.
Abal.kg