Пайдалуу кеңештер

Адамдын терисине кандай самын пайдалуу экенин билесизби?

Дүкөндөрдө самындардын көп түрү сатылат эмеспи.  Ошондой түрлүү самындардын ичинен эң пайдалуусу “дегтярное”  деп аталарын көпчүлүк биле бербесе керек.

Бул самындын жыты жана өңү жагымсыз. Бирок, ошого карабастан анын пайдалуу жактары көп болгондуктан илгери ата-бабаларыбыз да ушундай самын менен гана жуунуп келишкен.

“Дегтярное” самынынын териге пайдасы:
Эгерде дене кычышып, териде кычыткы (дерматит) пайда болсо, бул самын башка дары-дармектерге караганда илдетти тез айыктырат. Чачка какач басса да  ушул самын менен жууп турууну адистер кеңеш берет. “Дегтярное” самынынан башка дагы “Дегтянный шампунь” деген бар, бул да  чачтын мыкты өсүүсүнө пайдасы зор.  Бул шампунду колдонгондон кийин жыты жакпаса, артынан ар кандай чачка арналган чайкоочу  каражат же кондиционер, бальзамдар менен чайкап койсо болот.

Бетке чыккан ар кандай безеткилерди да ушул самындын  жардамы менен жоготсо болот. Бул самын менен жуугандан кийин беттин териси таза болуп, майланышпай калат.

Андан тышкары аялзатынын гинекологиялык илдеттерине да  миңдин бири. Мисалы, молочница менен жабыркаган аялдардын саны арбын. Алар да ушул  самын менен жуунса ар кандай жаман бактерияларды жок кылат. Албетте, самындын жыты  жагымсыз, бирок адамга эң биринчи  ден-соолук керек эмеспи.

Бул самынды үй жаныбарларына да колдонсо болот. Мисалы, үйдө ит мышык кармасаңыз алардын биттеп кетпеши үчүн ушул самын менен жуунтса аларга курт кумурскалар да жолой албайт.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button