АКШнын Кыргызстанга карата визалык чектөө киргизиши — мамлекеттин ички ишине кийлигишүүсү деп билсе болот
АКШнын кыргызстандыктарга иммиграциялык жана грин-кард визаларын алууга чектөө киргизиши Кыргызстан карата жасалган басым. Бул жерде ачыктан-ачык Кыргыз Республикасынын ички ишине кийгилишүү аракети болуп жатат. Мындай демилге менен 2017-жылы жергиликтүү укук коргоочулар чыкканын да эске алуу керек.
2019-жылдын күз айларында Кыргызстан-АКШ өкмөттөр аралык кызматташтыгы боюнча жаңы келишимге Мамдептин чыйыры менен кол коюлары күтүлүп жаткан. Бул эми Мамдептин бир эле бөлүмүнүн “жумшак күч” менен Кыргызстандын ички саясатына кийлигишүү. Ошентсе да келишимге кол коюлган жок.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги биздегидей кырдаал дүйнөнүн 80 өлкөсүндө орун алып жатканын айтып бекем позицияны карманууда.
Дагы бир таң калыштуу нерсе АКШ президенти мурда Беларуста болгону. Бирок качан жыйынтыктоочу документке кол коюлганда Беларус ал жактан чыккан.
Бул АКШынын механизмдерди тандап жана иш жүзүндө бул маселелер боюнча бир катар Кыргыз Республикасынын абалына таасир этүү аракетин колдонун күбѳлѳндүрѳт. Мисалы, биздин өлкөдө коопсуздук системасынын талаптарына жооп бербейт, бул чындыкка дал келбейт.
Себеби, 80ден ашуун өлкөдө, ошондой эле Кыргызстан да азырынча биометрикалык паспорт кирген жок. Ошондой эле АКШнын Кыргызстандагы элчисинин айткан сѳздѳрүнѳ кѳңүл буруу керек. Америкалык элчи Дональда Лунун сѳзүндѳ “ Эгер Кыргызстан укук коргоо органдары менен кызматташпаса” ал эми президенттин жарыялаган текстин карай турган болсо, анда ал » кээ бир ѳлкѳлѳрдү коопсуздук кызматташтыгына анын ичинде Кыргызстанды да мажбурлоо керек » дейт. Бул АКШнын элчиси тарабынан айтылган, маалымат алмашуу маселелери гана эмес, бул ар түрдүү, ал тургай өлкөдөгү америкалык аба базасын жайгаштырууга чейинки, иштер камтылган.
Шерадил Бактыгулов