Дүйнө

Банкир-миллионер сэндвич уурдап кармалды

Белгилүү Citigroup банкынын иш  башкарган кызматкери, миллионер,  ашканадан сэдвич уурдап жей коюп, кармалды.

Бул банктын кызматкеринин айлык акысы өткөн жылы миллион фунттан ашкан, анын жашоосу абдан жетиштүү  эле болчу дейт чогуу иштеген кесиптештери.

31 жаштагы Парас Шах аттуу  банк кызматкери  столдун үстүндө турган сэндвичти алып жеп, бирок анын акчасын төлөбөй кетип калган. Ал буга чейин да ушинтип жеген  сэндвичтерин төлөбөй кетип калган учурлар болду беле, азыр текшерилип жатат.

Бул окуя жергиликтүү басылмаларга тарап,  уялган банк кызматкери социалдык тармактагы баракчаларынын баарын жаап салган.

Барах Шах бул банкта ушундай майда уурулук менен кызматтан кетип аткан биринчи кызматкер эмес. Ага чейин да  ушуга окшош окуялар катталган.

2014-жылы BlackRock компаниясынын жетекчи кызматкери Пол Барроуз да Лондонго чейинки поездге билет төлөбөй жүргөнү  билинип калып, кызматтан четтетилген.

Барроуздун бул кылыгы мындай кызматта иштеген адам жаш балдарга үлгү боло албайт жана анын жашоодогу позициясы коомго каршы деген тыянакты чыгарышкан.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button