Дүйнө

Кытайда коронавирус кескелдириктен жукканы белгилүү болду

Учурда Кытайдан чыккан коронавирус дүйнө элин кооптондуруп аткан мезгил.  Бул вирус кайдан келди деген дүйнө илимпоздору тынымсыз изилдөө жүргүзүүдө.  Төмөнкү ачылыш ошонун натыйжасы.

Кытай илимпоздору коронавирус кескелдириктердин түрүнө кирген панголин деген жаныбардан тарады деген ачылыш жасашты. Панголиндин денесиндеги коронавирустун геному менен бул дартка чалдыккан адамдардан алынган  коронавирустун геному 99% дал келгенин айтып чыгышты. Бул ачылыштын мааниси өтө чоң. Анткени коронавирустун эмнеден чыкканын билүү аны көзөмөлдөөгө алууга чоң мүмкүнчүлүк берет жана ага каршы вакцина табууну тездетет.

Бирок, окумуштуулар панголин ортодогу гана звено болушу мүмкүн, а вирус жарганаттан чыккан болуш керек деген ойлорунан кайтыша элек.

Ушул тапта окумуштууулар коронавируска каршы вакцинаны табуунун үстүндө иштеп атышат. Улуу Британиялык илимпоздор вакцинаны таптык, аны жан-жаныбарларга сынап атабыз деп билдиришкенин Euronews айтып жатат.

Азыр коронавирус 34 миңдей кишиге жугуп, 724 оорулуу көз жумуп, 2 миңге чукул адам айыгып чыкты.

Ал эми панголин жаныбарынын этин  Азияда  кытайлар менен вьетнамдыктар жана Африкада да жешет экен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button