Оорулуу бөбөк интернаттан катуу сабалганы белгилүү болду

Жакында эле, 5-февралда Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодское айылында жайгашкан балдардын психоневрологиялык интернат-үйүндө тарбияланып жаткан 8 жаштагы С.Т.нын сабалганы тууралуу маалымат тарады.
Баланын денесиндеги көк алаларды чоң атасы көрүп, кызы Алия Кокумовага билдирген.
Алия Кокумованын айтымында, уулун жалгыз багууга шарты туура келбей, бул интернатка 2019-жылдын 5-декабрында алып барган.
«Уулум акыл-эстен жабыркайт жана такыр сүйлөбөйт. Аны атам карачу. Атамдын карылыгы жетип, ден соолугу жакшы болбогондуктан жана өзүм иштегендиктен баламды аталган жайга берүүнү туура көрдүк. Бирок, интернаттан мындай мамиле болорун күткөн эмеспиз. Мен буга чейин жумасына бир канча жолу уулума барып, ал-ахыбалын көрүп турчумун. Кээде атам барчу. 5-февраль күнү атам барып, анын денесиндеги көк аланы көргөн экен. Көк ала бир жума мурун пайда болуп, акырындан тарап бараткан экен. Атам дароо интернаттын башкы дарыгерине, тарбиячыларга кайрылып айтса, алар аны дароо сабырдуулукка чакырып, эч кандай ызы-чуу салбасын суранышып, бала башка балдар менен ойноп жатып, оюнчуктар менен согушуп кетсе керек деп айтышкан. Бирок, биз эртеси Москва РИИБге барып, окуяны айтып, арыз жазалы деп келдик десек, РИИБден: «Азырынча жазбай тургула, сиздин балаӊыз ким капа кылганын көргөзсүн, андан кийин арызды кабыл алабыз» деп балдар менен иштөө инспектордун номурун берип коюшту. Бирок, биздин бала эч сүйлөбөйт. Биз көпкө чейин арызды киргизели деп аракет кылдык, бирок ал орундалган жок. Аталган интернаттын директоруна да барып жолуктук. Бирок, ал бул окуя боюнча кабары жок экенин билдирип, төмөнкүдөй жооп кайтарды: «Ишемби, жекшемби күндөрү бир эле бала багуучу болот. Ал кир жууп, имаратты тазалап, балдардын баарын карап жетишпейт» деген. Кийин дагы «мындай ызы-чуу кылбай эле койсоӊор болмок. Өзүбүз эле чечмекпиз да, менин кан басымым бар. Мен силердин үстүӊөрдөн арызданам, моралдык чыгым кылдыӊар, мени ушундай абалга жеткирдиӊер» деди. Мен болсо жазыӊыз дедим», — деди ал.
Алия Кокумованын жакындары андан ары ИИМдин түз байланышына чыгып, окуяны айтып, айрым ЖМКларга кабар берген. Ошондон кийин гана Москва РИИБдин кызматкерлери иштей баштаган.
Соттук медициналык экспертизага баланы абалы тууралуу текшерүүгө жиберилген. Ал эми хируг дарыгер баланын үзгүлтүксүз сабалганын, кулагын 20 күн мурун бирөө бурап сындырганын айткан. Азыр бала үйдө ооруп жатат. Стресс алган.
Ал эми аталган жайдын директору Светлана Такырбашованын айтымында, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкса, бала багуучулар өз жазасын алышат.
Abal.kg