Досунун “гейсиң” деген сөзүнө жини келген жигит аны мууздап салган

2018-жылдын январында болгон оор кылмышка байланыштуу иш тергелип, сот процесстери жүрүп, акыры Жогорку сотто чекит коюлду.
2018-жылы борбордогу ЖОЖдордун биринде 1-курста окуган Асанга анын таанышы Турсун бир нече жолу аны сексуалдык ориентациясы башкача адам “гейсиң” деп айтканы үчүн андан өч алууну көздөгөн.
Асан бир нече жолу Турсунга жолугууа аракет жасаган, бирок жолуга алган эмес.
2018-жылдын январь айынын аягында Асан Турсун экөө клубдардын биринен капысынан жолугуп калышат. Бул учурда алардын таанышы Рахим да бар болчу. Рахимге Асан бардыгын айтып түшүндүрүп, Турсун менен жолугуштурууну суранат. Турсун Рахимге телефон чалып ЧЧК (Чоң Чүй каналы) жакка кечки саат жетиге жолугушууга чакырат. Ал эми Турсун ал жакка Асан да барарын билген эмес.
Жолугушууга бараткан Асан медициналык кол кап менен бычак ала чыккан. Турсун келгенде Рахим аны темир жолдун боюнда күтүп турган. Аңгыча Асан келип, Рахимди беш мүнөткө арыраак басып туруусун айтат. Эгер азыр болгон окуяны кимдир-бирөөгө айтса аны да жөн койбосун билдирет. Эч нерседен шек албаган Рахим ары басып кеткенде Асан менен Турсундун ортосунда уруш болот.
Асан менен Турсундун ортосунда адегенде уруш чыгат. Андан кийин Асан Турсунду муунтуп, бир нече жолу көкүрөккө бычак саят да,моюнун мууздап кетип калат. Мындайды күтпөгөн Турсун үйүнө качып келип, эч кимге айтпай, эч кимге билгизбейт.
Акыры бул иш боюнча милицияга билинип, иликтөө иштери башталат. Кылмышка шектүүлөр кармалып, бардыгы маркумду өлтүрбөгөнүн айтышат. Бирок, кан кое бермек беле, кылмышка шектүү Асанга каршы көрсөтмө берүүдөн Рахим адегенде баш тартса, акыры бардык ишти болгонун болгондой айтып берди.
КР Жогорку соту жакында Асанды 12 жыл эркинен ажыратты. Ал эми Рахим 2,5 жыл шарттуу түрдө соттолду. Андан тышкары маркумдун үй-булөсүнө 100 сомдон айып төлөп берүү милдеттендирилди.
P.S. Белгилүү себептерге байланыштуу макаладагы каармандардын аты-жөнү өзгөртүлүп берилди.
Abal.kg



