Дүйнө

Өзбекстанда окуучулардын чачын сызгыч менен ченеп жатышат (фото)

Өзбекстандын Карши жана Жиззак аймактарындагы мектеп окуучуларынын чачын сызгыч менен ченеп жатышат. Бул тууралуу социалдык тармактарда сүрөт тарап, ал кызуу талкууга алынды.

“Эң башкысы мугалимдердин бул көрүнүш акылга сыйбай турганын түшүнбөгөнүндө болуп жатат. Алар үчүн бул кадимки эле көрүнүш. Башка баалуулуктар бар да” – деген пикирин бир окурман жазды.

Айрым интернет колдонуучулар Ташкенттеги мектептерде деле ушундай көрүнүштөр бар экенин билдирди. Ал мындай нерселер көбүн эсе мамлекеттик мектептерде болуп жатканын кошумчалаган.

Буга чейин Өзбекстандагы жеке мектептерде окуучулар менен мугалимдердин хиджаб кийүүсүнө тыюу салуу пландалып жатканы кабарланган. Учурда мындай тыюу мамлекеттик мектептерге киргизилген.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button