Коом

Кыргызстанда 2025-жылы пенсия канчага көбөйөөрү айтылды

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында бюджетте 2025-жылы пенсияны канчага көтөрүү каралганын айтты.

Ал мыйзамга ылайык, жыл сайын 1-октябрдан тартып пенсия жогорулап тураарын белгиледи.

“Келерки жылы 7 пайызга көбөйтөбүз. Ага жалпы 1 миллиард 229 миллион сом керектелет”, — деди.

Депутат Жылдыз Садырбаева: “5 жылдык стажы жок жарандарга карылык боюнча төлөнүүчү жөлөкпул дагы көбөйтүлөбү?” – деп сурады.

“Социалдык фонд бардык жарандар иштеп, төлөмдөрдү төлөп, эмгек стажын жасасын дейт. Минималдуу пенсияны 6,9 миң сомго жеткирдик, эгерде иштебеген жарандар дагы ушундай эле пенсия алып калышса, тескери таасир жаралат, эл камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөбөй калышат”, — деди Алиев.

Ага жооп иретинде депутат карылык боюнча пенсия алгандарга 2 миң сомго жашаш кыйын болуп жатканын белгилеп: “Силер мында акыйкаттуулук принцибин карманып жатасыңар, иштедиңби – аласың, иштебедиңби – аз аласың”, — деди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button