Коом

Айымдарга өзгөчө белек! Мырзалар үчүн сынак жарыяланды

Жаш ишкер, меценат Каныбек Туманбаев келе жаткан 8-март Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктап, мырзалар үчүн өзгөчө сынак жарыялады.

Ал Фейсбук баракчасына мырзалар үчүн жарыяланган сынактын жол-жоболорун, аялзатына даярдалган атайын белектер тууралуу жазды.  

“Ассалому алейкум урматтуу мекендештер!
Ардактуу достор!

Жадыраган жаздын кирип келиши ар бириңиздерге ийгиликтин, жетишкендиктин башаты болсун. Эң негизгиси, жаз – токчулук, молчулук, элибизге тынчтык, Кыргызстаныбызга өнүгүп-өсүү алып келсин. Маанайыңыздар жаздын күнүндөй жайдары болсун.
Жылдын ушул мезгили майрамдарга бай. Алдыда 8-март – аялдардын эл аралык күнү салтанаттуу белгиленет. Ушул күнү ар бирибиз апабызга, эже-карындашыбызга, өмүрлүк жарыбызга, бал ширин кыздарыбызга жүрөктөн чыккан жылуу сөзүбүздү арнап, белек тартуулайбыз.
Мен “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги менен биргеликте асыл заттарыбыздын урматына конкурс жарыялайм. Ага ылайык, айымдарыбызга арналган каалоо-тилектерди ыр, кара сөз түрүндө жазып, же болбосо бир мүнөттөн ашпаган видеого сыйдырсаңыз болот. Конкурска Кыргызстандын баардык жарандары катыша алат. Башкы эки жеңүүчүгө чөнтөк телефон, зер буюмдарынын комплектиси ыйгарылат.
Конкурстун шарты жөнөкөй. Алгач менин социалдык түйүндөрдөгү баракчаларыма:
https://www.facebook.com/profile.php?id=100028768024648
https://instagram.com/kanybek_t_official?igshid=9ip2x8f65o7g
жана “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигинин социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына:
https://instagram.com/mediacenter_kg?igshidүwi2sky901d45
https://www.facebook.com/mcenterKG/
ютубканалына:
https://m.youtube.com/channel/UCK2T6xwP3gHHPmhbwvwyzLA… катталуу керек.
Андан сон куттуктооңузду 7-март саат 12:00гө чейин өз баракчаңызга жарыялап, менин Фейсбуктагы баракчамды – https://www.facebook.com/profile.php?id=100028768024648 белгилеп коюңуз.
Конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи 7-март күнү саат 17:00дө “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигинин студиясында (Панфилов көчөсү №51а) өтөт. Чамдаңыздар!

Урматым менен,
Каныбек Туманбаев”,- деп жазды.

Эскерте кетсек, Каныбек мырза коомчулукта бир топ кайрымдуу иштерди аткарып келет. Кыргызстанда калктын аялуу катмары болгон үй-бүлөлөргө, чет өлкөдө оор операция жасата турган жарандарга, жетим-жесирлерге жана башка ушул сыяктуу кайрымдуулук иштерди аткарып келе жатат.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button