Ундун кымбатташы тууралуу жалган маалымат тараткан жигит кармалды(видео)

Өзгөн районунда жалган маалымат тараткан кишини милиция кармаганын Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Соцтармакта 15-мартта ундун баасы 2500-3000 сом болгону боюнча жалган маалыматтар тарап, ун сатылып жаткан жерлер дагы көрсөтүлгөн.
Бирок “Занжыбал” ЖЧКсынын директор орун басары Махамаджан Хурулов ун чыгарган мекемеде бир мүшөк ун 1300-1400 сом экенин айтты.
Милиция жалган маалымат тараткан жаранды издеп таап, ал 1995-жылы туулган А.Н. экенин аныктады. Милиция анын аракетине юридикалык баа берүү үчүн тийиштүү тергөө амалдарын баштады.
Андан сырткары эл арасында түшүндүрүү иштери дагы жасалууда.
Кармалган жаран ун чыгарган комбинаттын жанында топтолгон кишилерди көрүп, ун кымбаттап кетиптир деп тамаша кылгысы келгенин айткан. Ал мындай аракетине өкүнүп жатканын билдирген.
Abal.kg



