М.Абылгазиев: Коронавирус менен күрөшкөн медиктердин айлыгы үчүн 30 млн сом которулду

Бүгүн, 19-мартта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн мүчөлөрү менен коронавирус тууралуу отчет беришти.
Биздин медиктер учурда абдан кыйын шартта иштеп жатышат. Алардын ар биринин оюнда “Азыр оору жуктуруп алганын айтсам кандай болот?” деген ой турат. Ал эми бизде медиктер болгону 7-8 миң гана маяна алышат. Ошондуктан эпидемиологиялык фонд алар үчүн 30 миллион сом бөлдү. Анткени алардын айлыгына кошумча акы төлөнүшү керек. Азыркы тапта биз аларга колдоо көрсөтүшүбүз керек. Медиктер умрадан келгендер менен, кыйын кырдаалда иштеп жатышат. Ошондуктан медиктер өздөрүнүн үй-бүлөсү менен да жолукканга болбойт. Ошондуктан биздин тагдырыбыз медиктердин колунда, ар бирибиз өзүбүздүн ден соолугубуз үчүн кам көрүшүбүз керек”- деди.
Abal.kg