Окуялар
Жалал-Абадда коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткандар изделүүдө

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб Жалал-Абад облусунда коронавирус инфекциясын жуктурган дагы 4 учур катталганы, анын ичинде 7 жашар бала бар экени тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.
Укук коргоо органдары жалпы эле ушул тапта жалган маалымат тараткан кишилерди издеп жатат. Айрымдарын таап тийиштүү аракеттерди көргөн.
ИИМ болсо элди жалган маалымат таратпоого чакырып, ал үчүн мыйзам алдында жооп бересиңер деп эскертип жатат.
Abal.kg



