Дүйнө

Коронавирус. Казакстанда карантин режимин бузгандар камакка алынды

Казакстандын Алматы шаарында карантин режимин бузгандыгы үчүн 39 адам камакка алынды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар шаардык прокуратуранын басма сөз кызматына шилтеме кылып билдиришти

Жалпысынан «Карантин аймагынын чек арасынан мыйзамсыз өтүү» беренеси боюнча 73 факты катталып, 11 ишкердик субъект жоопкерчиликке тартылган.

«Карантин режимин бузгандыгы үчүн 84 адам административдик жоопкерчиликке тартылды. Алардын ичинен 39 киши камакка алынды. Алсак, 23-мартта карантиндик аймактын чек арасынан мыйзамсыз өткөндүгү үчүн Алматы шаардык райондор аралык сотту чечими менен жергиликтүү тургун эки суткага камакка алынды», — деп билдирди прокуратура.

Мындан тышкары ишкерлик менен алектенүүгө уруксат берген документтери жок медициналык беткаптарды жогорулатылган баада сатуу боюнча тогуз факты катталган.

Казакстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 79га жетти.

Abal.kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button